Чубак ажы Жалилов экинчи жубайына баш кошкону маалым болду. Ажы өзү маалымат каражаттарынын бирине 30 жаштагы жесир келинге үйлөнгөнүн ачыктаган. Айтымында, биринчи жубайы дагы деле капа болуп жүрөт.
Ажынын бул чечимин коомчулук кызуу талкууга алды. Айрымдар ал бул кадамы менен башка эркектерге терс үлгү көрсөтүп жатканын айтышса, кээ бирлери «аялынан коркпой, экинчи аял алуу баатырдыгына барган ажыга» ызаат көрсөтүштү.
Эки аялдуулукту жактап келген Чубак ажы өзү экинчи жубайлуу болууну каалабай турганын айтып келген. Ал «эки жубайды эмес, бир жубайды бактылуу кылууга» аракеттене турганын айтчу эле.