Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов актуалдуулугун жоготкон айрым майрамдарды жоюп салуу жөнүндө сунушун айтпадыбы. Колдоого алыш керек. Ошону менен гана чектелип калбай, майрамдардын эки-үчөөнү гана калтыруу керек.
“Ат-тасынын көрү, майрам деген илгери болчу эле. Азыркы заманда майрамдардын кадыры кетти. Кайра жолтоо болуп жатат. Кредит төлөөрдө, же карызыңан кутулчуу күндүн мөөнөтү келип – Роосиядагы уулуңдан акча күтүп жатканда катар-катар майрам болуп, айлабыз кетип жатат. Мейли, майрам болсо-боло берсин. Жок дегенде анын алдыңкы күнүн дем алыш кылбай эле коюшпайбы”,- деп кейигендерди угуп жүрөбүз.
Орозбек БӨРҮГУЛОВ
Булак: "Майдан.kg"