ЖК депутаты Канат Исаевдин кылмыш ишинин тергөө мөөнөтү Биринчи май райондук соту тарабынан узартылды.
Буга дейре УКМК тергөө 30-ноябрга чейин аягына чыгат деп болжолдошкон. Бирок, ал узартылды. Исаев тергөө иштери аяктагыча УКМКнын абагында калтырылат.
Эске салсак, Канат Исаевге КР Кылмыш жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен тартып алуу)- беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.