Кыргызстанда бензиндин баасы барган сайын кымбаттоодо. Бүгүн, 27-ноябрга карата алынган эсепке таянсак, Бишкектеги "Газпром" май куюучу бекеттеринде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 40 сом 60 тыйынга жетти.
Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 43 сом 50 тыйындан болууда.
Кыргызстандын Мунай сатуучулар бирикмесинин төрагасы Улан Куловдун айтымына караганда, бензиндин кымбатташынын себеби ноябрь айынан баштап дизель майы кошумча бажы төлөмү менен кирип жатканына байланыштуу.
Ошондой эле, Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда бензинге баа көтөрүлгөн.