Печать
Категория: Коом
Просмотров: 284

 

ЖК депутаты Кенжебек Бокоевдин 17 жаштагы кызына кол салу болгон. Кылмышкерлер азырынча кармала элек. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, шектүүлөрдү иликтөө иштери жүрүүдө. Кол салуу каракчылык максатында болгон деп божомолдонууда.

 

17 жаштагы кызга бычак такап, кылмышкерлер сумкасын алып кетишкен.

 

Бишкек ШИИБи бул кылмыштын саясий мүнөздө экенин азырынча айта алышпайт. Кылмышкерлер изделүүдө.

 

Маалыматка караганда, кыз учурда ооруканада. Дарыгерлер анын акыбалы турукташып калганын айтышууда.