Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

 

24-ноябрда ант берип, бийликти өткөрүп алган Сооронбай Жээнбеков бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге наам берди.

 

Прзиденттик аппараттан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү боюнча жарлык чыгарды. Анда айтылгандай,  бул  наамга  Атамбаев  "элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн" татыктуу болгон.

 

Ошондой эле,  мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, экс-президентке “Ак шумкар” өзгөчө белгиси да тапшырылат.