Печать
Категория: Коом
Просмотров: 147

 

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс- өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча алардын адвокаттарынын жана мамлекеттик айыптоонун көзөмөл арыздары  Жогорку Соттун соттук коллегиясында каралды.

 

Сот процесси  20-ноябрда башталып, бирок ага айыпталуучулар катыштырылбаган. Мамлекеттик айыптоо Текебаев менен Чотоновго жаза берүүдө колдонулган мунапысты алып салууну соттон суранды. Айтымында,  өтө оор кылмыштарга мунапыс колдонулбай турганын эскертти.

 

Текебаев менен Чотонов «коррупция» беренеси менен камакка алынган.