Атамбаев парламенттин мөңгүлөрдү канадалык компаниянын иштетүүсүнө уруксат берген мыйзамдолбоорун колдогону тууралуу берилген суроого «мөңгүлөр ансыз да ээрип жатканын, ага «Кумтөр» айыптуу эместигин» белгиледи.
«Кечээ мага бул мыйзамдолбоору эксперттердин корунтундусу менен биргеликте келип түштү. Мен СССРдин мөңгүлөр боюнча катологун да карадым. Биздин аймакта 6771 мөңгү катталыптыр жана алар «Кумтөрдүн» кесепетинен эмес, глобалдык жылуулашуудан ээрип жатат. Мисалы, Давыдов мөңгүсү жалпы мөңгүлөрдүн 0,014%ын түзөт. Алар 23 жыл мурда иштетилип баштаган. Мени ачыгын айтсам, тик урчук мөңгүлөр чоочутууда. Кумтөрдө көп жолу болдум, анда тазалангандан калган суулар көлгө айланган», - деди Атамбаев.
Ошондой эле, мамлекет башчысынын пикиринде, Кыргызстан дайыма Центерранын акционери болушу керек. Алар экологияга акча бөлүүнү 10 эсе көбөйтүштү.
«Дагы бир жолу кайталайм, бул эки мөңгүнү 23 жыл мурда иштетип башташкан. Биз аракетибизди Центеррадан экологияга мындан да көп каражат бөлдүрүүгө жумшашыбыз керек. Анткени, кислота көлү калып атпайбы. Алар мындан акча жасап жатышат. Бирок, муну дагы да жакшылап карашым керек», - деп жыйынтыктады сөзүн өлкө башчысы.