КР УКМКсы Казакстанда уурдалган автоунаа кантип алардын кызматкеринин энчисине тийип калганын текшерүүгө алат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда бул маалымат боюнча териштирүү иштери башталды. Эгер маалымат тастыкталса, кызматкер жазасын алат.
Эске салсак, казакстандык жаран Сакен Ахметов ушул жылдын февраль айында 65 миң долларлык автоунаасын уурдатканы жана ал КР УКМК кызматкеринен табылганы, бирок, автоунаасын кайтарып ала албай жатканы тууралуу казак басылмалары макала жарыялашкан.