2017-жылдын баш ченинде Казакстандан автоунаа уурдалган. Ал Кыргызстандын УКМК кызматкеринен табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, уурдалган автоунааны айдап жүргөн КР коопсуздук кызматынын кызматкери жарым жылдан бери автоунааны кайтарып берүүдөн баш тартып келет.
Маалым болгондой, Алматы шаарынын тургуну Сакен Ахметовго таандык болгон Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаа 2017-жылдын февраль айында уурдалган.
«Казакстандын полициясы автоунааны төрт ай издеп, акыры Кыргызстандан табышкан. Анын жаңы ээси кыргызстандык болуп чыккан жана аны кыздын агасы, КР УКМКнын кызматкери айдап жүрөт», - деп жазышкан казак басылмалары.
Автоунаанын баасы 65 миң долларды чапчыйт жана ал Алматыдагы автобазардан уурдалган. Жипти белгисиз айдоочунун айдап качканы көзөмөлдөө видеосуна түшүп калган.
Маалыматка караганда, уурдалган автоунааны Интерпол Кыргызстандын аймагынан ушул жылдын май айында эле тапкан. Кыргызстандык кесиптештери казак полициясына автоунаа учурда Бишкек шаарынын тургуну А.А.га катталганын билдиришкен.
КР ИИМдин ыкчам-иликтөө иш чарасынын алкагында автоунаа А.А.дан алынып, атайылаштырылган автоунаа токтотуучу жайга токтотулган.
9-июнда Сакен Ахметов автоунаасын алууга атайылыштырылган автоунаа токтотуучу жайга келген, бирок, ага бербей коюшкан. Мекеменин кызматкерлери казакстандык жаранга тийиштүү документтер толугу менен толтурулбаганын шылтоо кылышкан.
Басылма белгилегендей, КР Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кыргызстандык А.га автоунааны жоопкерчиликтүү сактоого берүүгө аракеттенген. Кийинчерээк гана А. автоунааны сатууга ниеттенгенин билген.
Тергөөнүн алкагында, автоунааны анын агасы УКМКнын кызматкери айдап жүргөнү белгилүү болгон. Ал кызматкер башкы прокурордун орун басарынын күйөө баласы.
Сакен Ахметов бир нече КР ИИМ Башкы тергөө башкармалыгына бир нече жолу автоунаасын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, ар бир жолу тергөөчү автоунааны качан кайтарууну өзү билет деген жоопту алган.
Аны менен катар Ахметовдун айтымында, автоунаасын кайтарып алууга аракеттенүүнү токтотууну талап кылган басымдарга тушугуп келет. Жети айдан бери казакстандыктын автоунаасы Кыргызстанда негизсиз кармалып турат. Буга байланыштуу Сакен Ахметов Казакстандын ИИМ министри Кайрат Абдрахмановго кат жазган.
Казакстандын ИИМи бул боюнча КР ИИМине билдирүү жөнөткөн, бирок тийиштүү кызматтардан жооп боло элек.