Печать
Категория: Коом
Просмотров: 152


 

Кыргызстан парламенти “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүүнү пландап, президенттин кол коюусуна жөнөткөн мыйзам долбоору коомчулуктун каршылыгына кабылды.

 

Жарандык активисттер бул мыйзам кен казуучу компанияларды мөңгү аймактарында иштешине уруксат берип коет деп бийликтерден жобону алып салууну айтып, талап кылышты. Бирок мыйзам демилгечилери "Суу кодексинде" мөңгүлөрдү коргоо, сактоо кепилдиктери бар дешүүдө. Коомчулукта бул мыйзам долбооруна каршылыктар көбөйгөндөн кийин, президент кол коюудан баш тартып, аны кайра кароого жөнөттү.

 

ЮНИСЕФтин өнүгүп келаткан мамлекеттердеги климаттын өзгөрүшү боюнча кеңешчиси Николас Мулиню быйыл Кыргызстандагы мөңгүлөр боюнча изилдөө жасаган. Ал буга чейин – Түштүк-Чыгыш Азия, Азия-Тынч Океан аймагы жана Африкадагы климаттардын өзгөрүүсү айыл-чарба менен жакырчылыкка таасир тийгизээрин аныктап чыккан. Демек, мөңгү жөнөкөй эле карапайым адамга эмнеси менен маанилүү?

 

“Биз, өлкөдө климаттын олуттуу өзгөрүүсүн байкадык. Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен климаттык өзгөрүүгө эң эле сезимтал деп табылды. Бул Кыргызстан мөңгү сууларына аябай көз каранды экенине байланыштуу”,- дейт Николас Мулиню.

 

Айыл чарба жана миграция

 

Жайда муздар менен кар ээрий баштап, дайралардагы суулардын көлөмүн көбөйтөт. Мындан кийин, жер сугарганга жетиштүү деңгээлде болот. Келечекте бул суулардын өлчөмү аябай азайып кетиши мүмкүн, анткени абанын температурасы көтөрүлүп кеткенден кийин муздар тез ээрип, запасы азайат. Алгач жайда муздардын ээрүүсүнөн суу көп болот, бирок бул убактылуу эле нерсе. Кийинчерээк суунун өлчөмү акырындык менен азая баштайт.

Бул айыл чарбага кандай таасирин тийгизет? Негизи ал мөңгү сууларга байланыштуу. Климаттын өзгөрүүсү суу ташкыны менен кургакчылыкка алып келет. Биз муну Азияда, ошондой эле бүткүл дүйнөдө байкап атабыз.

 

Айыл чарба тармагы сугатчылыкка көз каранды экенин билебиз. Сугат суу жетишсиздигинен түшүм аз алынып, үй-бүлө аз киреше табат, бул – балдардын жакшы жашоосуна таасирин тийгизет дегендик.

 

Мүмкүн балдар үйгө акча алып келиш үчүн ар убак иштегенге туура келет. А балким, үй-бүлөлөр жан багыш үчүн айылдарды таштап, шаарларга көчүп келишет. Мындай жапырт миграция болушу толук мүмкүн. Бирок алар үчүн өлкөнүн Бишкек сыяктуу чоң шаарларында социалдык жардам алууга каттоо боюнча шарттар барбы? Бул көйгөйдү минималдаштыруу боюнча мамлекет атайын стратегия иштеп чыгыш керек.

 

Суусу аз аймактардагы мал жандыктар жана жайыттардын эсебинен жашаган тоодогу эл – топурак кыртышынын эрозиясынан аба ырайынын ысып кеткендеги акыбетин сезишет. Мунун себебинен – суулардын сакталышына шарт түзгөн ошол эле жайыттарга малды ашыкча жая берүү да кургакчылык менен жайдак жайытка алып келет. Ошондо айылдардагы тургундарга өтө эле кыйынчылык туулат.

 

Энергетика жана тышкы саясат

 

Кыргызстандын 90 пайыз электр энергиясы Токтогул ГЭСинде иштелип чыгат. Эгер Нарын дарыясынын көлөмү азайса, суу сактагычтан сууну аз чыгарып калат. Анын айынан ток да азайат.

 

Бул – сууга муктаж болгон кошуна мамлекеттерге да зыяны чоң. Суунун азайышы тиги кошуналар менен да дипломатиялык байланыштардын начарлашына алып келет. 

 

Эгер Кыргызстандын өзүндө электр энергиясын иштеп чыгууга суу жетишпесе, демек башка мамлекеттерден электр энергия сатып алууга туура келет, ошондой эле жылуулук үчүн нефть же көмүр да сатып алат.

 

Келечекте сөзсүз түрдө гидроэнергетика үчүн суулардын көлөмү азайат. Акыркы чечим катары күндүн энегиясын пайдалануу калат.

Кыргызстан электр энергиясын сатып алууну чечсе, ага албетте акча керек. Бул жерде балдар үчүн коркунучтуу нерсе бар: мурда мөңгү суулардын эсебинен электр энергиясы дээрлик акысыз болуп аткандыктан, чоң көлөмдөгү акчасы жок мамлекет электр энергияга өзүнүн казынасынан каражат корото баштайт. Ал каржыны каяктан алат?

 

Биринчи кезекте: социалдык тармактардын акчасы кыскара баштайт. Ал деген: мектеп, оорукана, балдарды колдоого жумшалган каражаттар өтө ылдамдык менен азаят дегендикке жатат. Эгер мамлекетте электр энергиясы жетишпей атса, кышындасы элди жылуулук менен камсыздай албай турса, мамлекет менен саясатчылардын соцтармактарга берилчү каражаттарды кыскартпоого аргасы калбай калат. Демек, олуттуу саясий жакырчылыкка кептелет.

 

Климат өзгөрүп жатат жана жакынкы 30 жылдыкта анын улануусу күтүлүүдө, керек болсо ушул кылымдын аягына чейин барат. Суу жана анын жетишпестигинин кесепети айрыкча балдарга катуу терс таасирин тийгизет. Ошондой эле миграцияга, айыл чарба продукциясына жана электр энергиясын иштеп чыгууга олуттуу таасир этет.

 

Тыянак

 

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда алты миңге жакын мөңгү бар. Адистердин эсебинде, соңку 30-40 жылдагы глобалдык жылуулуктун натыйжасында миңдей мөңгү эрип кеткен.

 

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында сүйлөп жатып, Борбор Азия гана эмес, бүткүл дүйнөдө таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдүн эриши олуттуу көйгөй жаратып жатканын айткан. Ал 2025-жылы Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты орто эсеп менен 30-40 пайызга кыскарып, Борбор Азия дарыяларында суу дагы 25-35 пайызга азаярын, 2100-жылы мөңгүлөр жер үстүнөн жок болушу мүмкүндүгүн, ошондуктан өлкө аларды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоорун айткан.

 

 

К.Жолдошов, Булак: “Майдан. kg” гезити