НТС телеканалы ЖК депутаты, президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине башкы атаандаш болгон Өмүрбек Бабановго таандык экени белгилүү. Аталган телеканалга караштуу «Санжыра» радиосу 2011-жылдан бери эфир толкунуна чыгып келген.
Аталган радионун 1-ноябрдан тартып эфир толкунуна чыкпай калганы маалым болду. Радионун жетекчиси Айдай Ивакова мындай маалыматты тастыктап берген. Анткен менен ага эмне себеп болгону ачыктала элек.
Кыргызстандын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, «Санжыранын» жетекчилиги лицензияны узартуу тууралуу билдирүү беришпеген.