Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

 

Президент Атамбаев туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда, парламенттин ашыкча кыйкырчаактыгына сын айтты.

 

«Каяктагы бир Зиядин Жамалдиновго окшогондор  энергетика жана жолдорду курууга эмнеге насыя ала беребиз деп кыйкырса, анда алар бизге душман», - деп бүтүм чыгарды президент.

 

«Депутаттар өз кезегинде азыраак кыйкырышканда, көп насыя алып, альтернативалык жолдорду куруп, жаңы базарларды ачып коймокпуз», - деп нааразы болду өлкө башчысы.

 

 Айтымында, парламенттеги айкыргандарды укпай эле насыяларды алуу керек. Эгер «парламент кыйкыра берсе, андай кыйкырчаак парламенттин бизге кереги жок».

 

Эске салсак, ЖК депутат Зиядин Жамалдинов тышкы карыздын үчтөн бир бөлүгү жолдорго кеткенин, бирок, жолдордун акыбыла эч жакшырбай койгонун айтып чыккан.