Бүгүн Чүй облустук соту 25 жаштагы айдоочу, жол кырсыгын пайда кылуу менен алты жаштагы кыздын өмүрүн алган Адил Абукешевдин баш коргоо чарасын карашы керек.
Эске салсак, Кант шаарында жол кырсыгы болуп, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерден алты жаштагы кыз, анын 47 жаштагы апасы жана 53 жаштагы эжеси жабыркашкан. 47 жаштагы Алена Шевченко, алты жаштагы Виктория Терехова ошол жерде каза табышан. Ал эми 53 жаштагы Наталья Касиянь ооруканага жеткирилген. Каза тапкандардын жакындары айыптууну абакка алууну талап кылышууда.
Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Экспертизанын алдын ала алган маалыматы боюнча, кырсык учурунда ал мас абалында болгон.
Айдоочулук күбөлүктү 2009-жылы алган. Буга чейин жол эрежелерин бузуу менен айыпка тартылган эмес. Туруктуу иштеген иши жок.