Печать
Категория: Коом
Просмотров: 117

 

Ысык-Көл ОИИБинин билдиришине караганда, жол кырсыгын уюштурган айыптууларды  эркиндикке чыгарып жиберүүлөрү мүмкүн деп каза тапкандардын жакындары кабатыр алышууда.

 

Маалыматка караганда, маркумдардын жакындары Ысык-Көл РИИБинде жана райондук сотто нааразычылыктарын билдиришкен.

 

 ОИИБдин маалыматына караганда, кылмыш иши рулдагы кызга жана рулду кызга берген жигитке карата козголгон. Райондук сот аларга камакка алуу чечимин чыгарып, Каракол абагында кармалып турушкан. Кечээ аларды тергөө амалдарын жүргүзүүгө Ысык-Көл РИИБине алып келишкен. А маркумдун туугандары муну туура эмес түшүнүшүп, айыптууларды эркиндикке чыгарышты деп ойлоп алышкан. Түшүндүрүү иштеринен кийин маркумдардын жакындары тарап кетишкен.

 

 Эске салсак, 1-октябрга караган түнү Чолпон-Ата шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталган. «Мерседес Бенц» автоунаасы Тез жардам автоунаасына урунуп, Тез жардам эки ирет оодарылган. Анын ичиндеги айдоочу, фельдшер, кош бойлуу аял жана анын тууганы окуя болгон жерде мүрт кетишкен.

 

 «Мерседес Бенцти» кыз башкарып бараткан жана анын масс абалда экени аныкталган. Ал автоунаадагы айдоочу кыз жана дагы үч жүргүнчү жабыркашкан эмес.