Печать
Категория: Коом
Просмотров: 206

 

Кыргызстандагы мугалимдер жана дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү планда жок. Бул тууралуу  парламенттин комтетинин жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

 

«Дарыгерлер менен мугалимдердин айлык акысын көтөрүүгө  2018-жылдын бюджетин түзүү учурунда  каражат каралган эмес. Ушул жылдын  сентябрында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлгөн. Жалпысынан ага  335 миллион сом коротулду”, – деди Касымалиев.

 

Ошондой эле министр мугалимдердин айлык акысы жакында эле, 2015-жылы жогорулатылганын белгиледи.