15-ноябрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 18.00дө Сайра Кийизбаева эскерилет.
СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын жарык дүйнөгө келгенине бул жылы 100 жыл толмок.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Төкөлдөш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырып, студент болот. Ошол жылдары Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып үнү менен өзгөчөлөнүп, театрга жумушка алынат. Ал Кыргызстанда биринчилерден болуп дүйнөлүк операларды аткарган.