Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

 

Сокулук районунун Ново-Павловка айылында кран көтөрүп бараткан бетон плитасы адам жашаган турак-жайдын үстүнө кулап, анын кесепетинен үй ичиндеги бир  адам каза таап, үч адам ооруканага жеткирилген.

 

Мамэкотехинспекциянын айтымында, ал үйдүн жанында эки кабаттуу үй курулуп аткан экен.

 

 «Биздин адистер окуя болгон жерге барышып, курулуп аткан обьекти текшерүүгө алышты. Турак-жайдын жанында дагы эки кабат имарат курулуп атыптыр. Биздин маалымат боюнча, бетон плита сапатсыз болуп, ортосунан бөлүнүп, турак-жайды басып кулаган. Курулуш учурунда техника коопсуздугу сакталган-сакталбаганын текшеребиз», - дейт аталган мекеме.