Печать
Категория: Коом
Просмотров: 216

 

 

 

 

Иранда 7,3 магнитудадагы жер титирөө катталды. Андан 140тан ашуун адам каза тапты. Куткаруучулар адамдарды ураган үйлөр арасынан издеп жатышат.

Жер титирөө Ирандын батыш тарабында болгон, ал жер Ирак менен чектешкен аймак.  

 

Куткаруучулардын ишин жер көчкү жана электр жарыгынын жоктугу кыйындатууда.

 

Жер титирөөдөн көбүрөөк жабыркаган Керманшах айылында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

 

 Ирандын жана Ирактын бир нече шаарлары электр жарыгысыз калышты. Миңдеген адамдар түндү көчөдөн өткөрүштү. Ирандагы көп үйлөр топурак кирпичтен курулгандыктан, жер титирөөгө чыдамдуулугу болгон эмес.