Казакстан Кыргызстан мамлекеттик ички процедуралардын толук аяктаганын расмий билдиргенден кийин гана ЕАЭБдин алкагындагы жардам келишимин денонсациялоону карайт.
Бул тууралуу россиялык басылмалар Казакстандын ТИМинин башчысы Мухтар Тлеубердинин маалыматына таянып жарыялашты.
Эске салсак, КР парламенти ЕАЭБдин алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди денонсациялоо боюнча мыйзамдолбоорун үчүнчү окууда кабыл алган.
«Келишим Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдындагы Бишкек менен Астананын пикир келишпестигинен улам денонсацияланды. Бирок, Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан менен мамиле жакында калыбына келтирилет деп маектеринин биринде белгилеген», - деп айтылат.
Казак ТИМ башчысынын айтымында, Казакстан азырынча КР ТИМДин расмий нотасын алыша элек.
«Азыр аларда мыйзамдолбоору парламенттен өттү, эми президент кол коюшу керек. Андан кийин бизге Кыргызстан келишимди денонсациялаганын тастыктаган расмий нота жиберишет. Анан биз процедурага киришебиз», - деп айткан Тлеуберди.
Белгилешинче, улуттук экономиканын министрлигинин сайтында Кыргызстан менен келишимди денонсациялоо боюнча мыйзамдолбоору азырынча мекемелер аралык макулдашуудан өтө элек. Бирок, даярдык көрүлүүдө.
«Кыргызстан тараптан денонсациялоо тууралуу расмий билдирүү келгенден соң гана Казакстан мамлекеттик ички процедураларды баштайт», - деп дагы бир жолу белгилеген казак ТИМ башчысы.
Эске салсак, Кыргызстан ЕАЭБдин экономикалык өнүктүрүү долбоорунун алкагында Казакстандан берилүүчү жардамдан баш тарткан. Кыргызстан муну казак бийлиги макулдашканы менен каражатты которбогонуна байланыштырышкан.