Алты жаштагы кызды жана аны ээрчитип бараткан эжесин сүзүп кеткен айдоочу мас абалында болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кантта 25 жаштагы жигит «Фольксваген» автоунаасын айдап баратып, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерден эки аялды жана наристени сүзүп кеткен. Алты жаштагы кыз жана анын 64 жаштагы тууганы кырсык болгон жерде көз жумушкан. Кыздын апасы учурда ооруканада. Дарыгерлер анын акыбалы оор экенин айтышууда.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.