Баткен облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген жубайларга үй курууга ишкер 700 миң сом которду. Облустук администрация кайрымдуулук марафон өткөрүп, 300 миң сомдой каражат топтоду.
Бул тууралуу аталган облустун губернаторунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, марафондо так эсепте 293 миң 577 сом топтолгон. Ага жубайлар Элмурат менен Кундуз үй куруп, эмеректерди сатып алууга ниеттенишүүдө.
Жубайлардын менчик үйлүү болуу кыялын белгисиз ишкер колдоого алып, 700 миң сом которгон болчу. Буга дейре жубайлар ижарага алынган батирде жашап, пособиелеринин жарымын ижара акысын төлөөгө коротушкан.