Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров мөӊгү тууралуу мыйзамдолбоору 2015-жылы өкмөт тарабынан сунушталганын билдирди.
«Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер болуп жатат. Бул мыйзамдолбоору 2015-жылы өкмөт тарабынан сунушталган. Биринчи редакциясында өлкөдөгү бардык мөӊгүлөр жазылган. Бирок, 5-чакырылыштын депутаттары талашып-тартышып жатышып, эки гана мөӊгүнү – Давыдов менен Лысыйды калтырышкан. Муну мен неге айтып жатам? Бирдеме болсо эле коомчулук парламентти күнөөлөшкөнүнөн айттым»,- деди депутат.
Айтымында, вице-премьер-министр Зилалиев аталган эки мөӊгү жок болуп калганын айткан.
«Мыйзамдолбоору добушка коюлат, добуш менен чечилет, өкмөт өкүлү айтып атат, мөӊгүнү башка жакка жылдырып койсок кайра жакшы сакталат деп. Бул эмне деген жомок? Андан көрө өкмөт коомчулукка бул экология, экономика, кырдаал деп айтып түшүндүрсүн. Көчмө жыйындарды уюштурсун, ошондо коомчулук да түшүнөт», - деп а дегенде эле парламентти айыптагандарга нааразы болгондой болду.