Кыргызстанда туристтик жайлар таштанды төгүлүүчү жерге айланды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.
«Айланада таштанды толуп жатса, кандай туризм тууралуу айтууга болот. Пакеттер толтура, дем алуу мүмкүн эмес», - деди депутат Субанбеков.
Аны кесиптеши депутат Ирина Карамушкина колдоого алды.
Айтымында, Төө-Ашуу ашуусунда таштандылардын үймөгү пайда болгон.
«Бул туристтер барчу жер. Таштандыларды чет өлкөлүктөр эмес, өзүбүздүн жарандар таштады», - деди ал.
Карамушкина күн сайын жаңылыктардан абанын булгануу деңгээлин билдирип турууну жана нормадан ашканда кимдир бирөөлөрдү жоопко тартууну сунуштады.