Печать
Категория: Коом
Просмотров: 167

 

Акүй алдында чогулган жарандык активисттер мөңгүлөргө кол салууга каршы пикирлерин билдиришет.

 

«Мөңгү – бул суу, демек, жашоо. Бул биздин жер сыяктуу эле байлыгыбыз.  Ошондуктан, мыйзамдолбооруна каршы «жок» деп айтуу жарандык парзыбыз», - дешет катышуучулар.

 

Алар парламент депутаттары алардын үнүн угушуп, мыйзамдолбоорун кабыл алуудан баш тартышат деп үмүттөнүшөт.

 

Эске салсак, парламентте Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзамдолбоору каралууда. Ал мыйзамдолбоорго ылайык мөңгүлөрдүн алдынан алтын казып алууга уруксат берилет.