Печать
Категория: Коом
Просмотров: 215

 

Жакында Бишкектин көчөлөрүндө арстандын күчүгүн жетелеп жүргөн тургун тууралуу маалымат пайда болгон.

 

Мамэкотехинспекциянын маалыматына караганда, учурда арстандын күчүгү «Бугу Эне» коомдук фондунун кызматкерлери тарабынан каралып атат. Алар аны Караколдогу зоопаркка жеткиришет.

 

Аталган мекеме жырткычтын ээси Свердлов ИИБине өз эрки менен кайрылганын жана  тийиштүү документтер жана жырткычты өткөрүп берүү актысы түзүлгөнүн кабарлаган. Мамэкотехинспекция ал тургунга административдик эреже бузуу боюнча протокол түзүп, 1000 сом айыппул чегерген. Жыркычтын ээси белгисиз адамдардан 2000 долларга сатып алганын айткан.

 

 Эске салсак, арстандын күчүгүн тургун шаар көчөлөрүндө жетелеп жүрүп, аны менен сүрөткө түшүүнү каалагандардан 200 сом алган. Кыргызстанга Кызыл китепке кирген жаныбарларды алып келүү үчүн атайын уруксат кагазы керек. А арстандын күчүгүнүн ээсинде мындай кагаз болгон эмес.

 

Бишкекчанин купил львенка за $2 тысячи, но его пришлось подарить зоопарку