Парламент бүгүн өкмөт өкүлдөрүн жыйынга чакырып, өкмөттүн кышка даярдыгы жана башка бир топ олуттуу маселелер боюнча маалыматын угууну ниеттенген. Бирок, арадан бир жарым саат өтүп-өтпөй жатып, депутаттар «чарчай» башташты. Алар эртерээк суроо-жоопту токтотууга аракет жасашууда.
Депутаттардын бири «32 депутат суроо берүүгө азылыптыр, ар бирине он мүнөт кетсе да, биз бул жерде түштөн кийинки убакытка чейин отуруп калабыз. Кыскартпайлыбы, ар бир фракциядан эки депутат гана суроо беришсин», - деп сунуштай салды.
Ал сунушту башка депутаттар да колдоого алынгандыктан, беш фракциядан эки депутат, жалпысынан он депутат гана суроо бере алат. Он депутаттын ар бирине он мүнөт кетсе, ашып кетсе эки сааттан кийин депутаттар бош.