Жылуулук быйыл эрте берилди. 17-октябрда Бишкек шаарындагы борбордук жылуулук системасына туташтырылган ар бир үй жылып жатып калды. Бирок, октябрда аба ырайы жылуу тартып, ЖЭБдин жылуулугуна шаар тургундарынын муктаждыгы болбоду.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат өкмөт мүчөлөрүнө «Эмнеге октябрда жылуулук бердиңер? Ким бер деди?» - деген суроо узатты эле, бул мэриянын буйругу менен болгонун айтышты.
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, жылуулук берилген күндөн тартып азыркы учурга чейин ЖЭБ 2734 тонна көмүр жаккан.
«Октябрдын башында аба температурасы кескин ылдыйлаган. Норма боюнча +7 градустан ылдый температура беш күн сакталса, жылуулук берилиши керек. Ошондуктан, 17-октябрда жылуулук берип баштап, үч күндүн ичинде шаарга толук берип бүттүк», - деди өкүл.
Айтымында, бир күндө эки миң тонна көмүр жагылат. Бир тонна көмүр 3950 сомго сатылып алынат. Бирок, кейүүнүн кереги жок. Анткени, октябрда абанын жылуу болушу ЖЭБге бир топ көмүрдү үнөмдөөгө жардам берди. Негизи бир айда 250 мб жылуулук иштетилсе, бул сапар болгону 150 мб сарпталды.
Муну уккан депутат а элдин асманга сапырылган акчасына ким жооп берет дегендей кылды:
«Эртең менен бир кесиптешим кабинетинде кондиционер иштетип отуруптур. Бишкектиктер түнү терезелерин ачып уктап атышат. Элдин акчасы асманга сапырылып атат!» - деди депутат.