Бүгүн парламент жыйынында Маданият министрлигине талапкерлер каралды. Султан Жумагуловдун талапкерлиги жыйынга катышкан 84 депутаттын жалпы колдоосуна ээ болду.
Эске салсак, буга чейин Жумагуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде колдоого алынган.
Султан Жумагулов Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1959-жылы туулган. Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. «Би-Би-Си», «Азаттык», «ЭлТР», КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Буга дейре президенттик аппаратта кеңешчи болуп иштеп турган.