Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

 

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чегарасындагы кырдаал тууралуу талкуу боло турган Улуттук кызматтык клубунун жыйынына келе албады.

Анын келбей калганын Сергей Пономарев парламентте да ушул маселе каралып аткандыктан, премьер-министр менен вице-премьер-министрди чакырышканын айтып, түшүндүрдү.

 

«40 мүнөт мурда аларды парламентке ушул эле маселени талкуулоо үчүн чакырышты. Министрлерди парламентке эле отургузуп коюу керек деп тамашалап коеюн. Алар эртеден кечке ошол жакта, кечки алтыдан баштап өкмөт үйүндө иштешет. Түшкү тамактанууга да убактылары жок», - деди Сергей Пономарев.