Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду.

 

Депутат Азамат Арапбаев нефтиге болгон дүйнөлүк баа көтөрүлгөнүн айтты.

 

«Кыргызстанда дизелге жана бензинге таңкыстык болот. Алардын баасы кескин көтөрүлөт. Экономика министрлиги бул нерсени көзөмөлгө алышы керек. Россиялык нефти иштетүүчү заводдор пошлиндерди өзгөртүү ниетинде турушат», - деди депутат.  

 

Айтымында, Экономика министрлиги кийинки жылды бензин менен камсыз кылуу аракетин азыртадан баштоосу кажет. Россия менен сүйлөшүү жүргүзүү керек.