Печать
Категория: Коом
Просмотров: 167

 

Кадамжай шаарында келин  уксус ичип каза болду. Бул тууралуу аймактын ИИБи билдирди.

 

Маалыматка караганда, окуя кечээ болгон. Окуя болгон жерге барган дарыгерлер келиндин өлүмүн тастыкташкан. Аял уксус кислотасын ичип алган. Ал күйөөсү менен уруша кетип, өз жанын кыйган.

 

Келиндин  күйөөсүнө карата КР Кылмыш жаза Кодексинин «Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал камакка алынды.

Өз жанын кыйган 20 жаштагы келиндин  артында кичинекей эгиз кыздары калды.