КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа менен жолугушту.
Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Эрлан Абдылдаев кытай тарапты Кытай Компартиясынын 19-сьездинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган жана Кытайга жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын арызын жеткирген. Тараптар бул маселени жакынкы убак аралыгында чечүүнү макулдашышты.
Эске салсак, жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары КР ТИМ башчысынын отставкасын талап кылышкан. Себеби катары Кытайга виза алуу коррупцияланышып кеткенин айтышкан.