Бул тууралуу КР Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, премьер-министр Сапар Исаковдун төрагалыгынын астында өкмөт жыйыны өтөт. Жыйында 3 маселе каралат: Биринчи, экономика министри Артём Новиков ушул жылдын январь-сентябрь айлар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет.
Экинчи, каржы министри Адылбек Касымалиев “2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору менен тааныштырат.
\
Андан кийин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча иш аракеттен кандай аткарылып жатканы жөнүндө Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов баяндайт.