Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

 

БШКнын билдиргенине караганда, учурда Токтоайым Үмөталиева БШК менен соттошуп атат, ошондуктан, жыйынтык азырынча жарыяланбайт.

 

Президенттикке талапкер Үмөталиева Райондор аралык сотто утулуп калган, бирок Жогорку сотко арызданган.

 

«Эгер сот БШКнын пайдасына чечим кабыл алса, анда бүгүн кечинде, же эртең жыйынтык жарыяланат. Жумада «Эркин Тоо» гезитине жарыяланат. Инаугурация 24-ноябрь менен 1-декабрдын ортосунда болушу мүмкүн», - дейт БШК.

 

Эске салсак, Токтайым Үмөталиева сотко Бишкектеги 27 шайлоо аймагынын добуш берүү жыйынтыктарын жокко чыгаруу датын БШК канааттандырбаганы үчүн кайрылган.