Талас облусунун 10 чакты тургуну маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Алар мамлекет башчысы жалпы таластыктарды кемсинтти деп билдиришкен. Ал эми 27-октябрда Таластын аксакалдары маалымат жыйынын өткөрүшүп, 10 чакты адам жалпы Талас элинин атынан сүйлөбөшү керек дешти.
Талас облустук акасакалдар кеңешинин төрагасы Мунур Мамбеталиевдин айтымында, Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөндөр жалпы элдин атынан сүйлөбөшү керек. Бабырбек Жээнбеков таластык болгону менен Таласта жашабайт.
«Президент сөзүндө «Манас» эпосундагы эпизоду айткан. Ал Талас жергесинин тургундары Абыке жана Көбөштүн тукумдары деген жок. Манастын өлүм алдындагы Каныкейге кайрылуусун гана айтты. Сөздү туура эмес кабыл алуудан элди бөлүп -жаруу аракети башталды. Мамлекет башчысы элдин биримдиги, кыргыздардын Абыке-Көбөш сыяктуу душмандары тууралуу гана айтты. Биздин арабыздагы провокаторлор алар – Абыке-Көбөштөр», - деген аксакал президенттин кебин апырта бербөөнү өтүндү.