Аравандык биолог Бумайрам Вахидова өз огородуна 200 түп курма отургузуп, мындан жыл сайын 12 тоннадан мөмө жыйнайт. Бул айым элеттик мектепте биология сабагын окутат.
- Мындан туптуура жыйырма жыл абалы Өзбекстанга барып, курманын “королёк” жана “шоколад” деген түрлөрүн алып келгемин. Экөө тең мөмөнү жакшы берет экен. Анан дагы биздин шартыбызга чыдамкай, даамы өзгөчө ширин. Көчөттү отургузгандан үч жылдан соң түшүм бере баштады. Биринчи мөмө берген жылы эле 5,6 тоннага жакын алдым. Кийин аны көбөйтүүнү багбандардан толук үйрөнүм. Көбөйтүү жолу абдан жеңил. Жапайы курмадан эле көбөйтсө жарашат. Жапайы курманын бир бутагын башка курманын бутагына кесип туташтырып койсо, алар өздөрү эле жетилип мөмө байлайт, - деп сырын ачыктады аравандык биолог жана дыйкан Бумайрам Вахидова. – Курма пайгамбардын эң жакшы көргөн мөмөсү. Буга эч качан оору тийбейт. Ал сабагынан үзүлгөндөн кийин абдан назик болуп, татымы андан дагы артат. Көчөтү кышкысын сууктан гана бекем корголууга тийиш.
- Курма жыл сайын мол түшүм берет. Сабагынан адам үзмөйүнчө өзү жерге түшпөйт. Кокус терилбей калса кышы менен сабагында гана тура берет. Бирок, дарагына өзгөчө маани берген оң. Жаш көчөт болсо ага жаңы отургузулганда жана дайыма сууну жетишээрлик суугаруу керек, кышкысын катуу суукта үшүк уруп кетүү коркунучу күч. Андыктан жаш көчөттү кышкысын кездеме менен ороп коюу шарт. Жылда жаз айында бою өсүп кетпеши үчүн аны бутап туруу абзел!- дейт аравандык биолог жана дыйкан Бумайрам Вахидова.
Бумайрам Вахидова жолдошу менен чогуу 30 жыл мектепте эмгектенген. Жубайлар кошумча киреше табуу максатында соңку жылдарда курма өстүрүшүүдө.
- Жолдошум экөөбүз тең мектепте 30 жыл иштедик. Ал химия, мен биология сабагын окутчумун. Курма, анар, алмуруттарды кантип өстүрүү керек экендигин ошондо үйрөнүп. жаңы ишибизди баштаганбыз. Эмгегибиздин моминтип үзүрүн көрүп, эми 3 уул 2 кызды дагы турмуш жолуна татыктуу узаттык,- деди Бумайрам Вахидова.
Бумайрам Вахидова курмасын Кыргызстандан тышкары Орусияга дагы беймарал экспорттойт.
Булак: "Майдан. kg" гезити