Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

 

Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков парламенттин экс-депутаты Райкан Төлөгөновго өкүм чыгарды.

 

Экс-депутат 15 жылга эркинен ажыратылды жана жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт. Ошондой эле үй-мүлкү мамлекеттин эсебине өткөрүлөт.

 

Аны менен катар сот чечим чыгарууда Төлөгөновдун жаш курагын жана бир нече амнистияны эске алганын айтты.

 

Райкан Төлөгөнов КР Кылмыш жаза кодексинин 167 («Каракчылыкты уюштуруу»), 174 («Мүлктөрдү атайылап жок кылуу жана зыян келтирүү»), 241 («Курал-жарак, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоо, берүү жана алуу») – беренелери боюнча айыпталган.