Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев М.Ю.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунун “Чыгыш таануу жана Африка таануу” факультетинде кыргыз тилин үйрөнүп жатышкан студенттерди кабыл алып, жаштар менен орой-чарай жолугушту.
Кездешүүнүн жүрүшүндө Болот Отунбаев студенттерге Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сапар Исаковдун атынан эстелик белектерди тапшырды.
- Кыргызстанды жана кыргыз тилин үйрөнүп жатканыңар үчүн абдан ыраазымын. Бул аракетиңер акыры үзүрүн берет деген өтө терең ишеничтемин! – деди Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев.
Жолугушуу соңунда Кыргыз элчиси Болот Отунбаев аталган окуу жайдын эң активдүү студенттери П.В.Сгибневага, К.Ш.Кашафка, Л.Х.Барикзайга терең ыраазычылыгын билдирип, алкыш дагы жарыялады. Ошондой эле М.Ю.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунун “Чыгыш таануу жана Африка таануу” факультетинин кыргыз тилин үйрөнүү борборунун жетекчиси Ж.Хулхачеваны премьер-министр Сапар Исаковдун атынан эстелик саат менен сыйлады.
Айтмакчы, 2015-жылдан тарта М.Ю.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунун “Чыгыш таануу жана Африка таануу” факультетинде кыргыз тили окутула баштаган. Бул долбоор Москва мамлекеттик лингивистика университетинин жана Бишкек гуманитардык университетинин биргелешкен аракети аркасында жүзөгө ашырылууда. Эң башкы максаты – москвалык студенттерге чет тили сыңары Кыргыз тилин үйрөтүү, ал аркылуу Орусияда кыргыз тилинин популярдуулугун арттыруу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук маданияты менен дагы чет өлкөлүктөрдү кең-кесири тааныштыруу. Анткени, ушул тапта Орусияда СССРдин курамындагы республикалардын, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик тилине кызыккандардын катары дагы улам калыңдап баратат.
Булак: “Майдан. kg” гезити