Баткен облусунда шахтада угар исинен үч адам ууланып, каза тапты.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Самаркандек айылында болгон.
Каза тапкандар 1970-жылы туулган С. Ормонов, 1972-жылы туулган И. Ибрагимов жана 1987-жылы туулган Акмат уулу У. Алар көмүрдү мыйзамсыз казып алып жатышкан. ӨКМнын куткаруучулары алардын жансыз денесин 90 метр тереңдиктен алып чыгышкан.