Печать
Категория: Коом
Просмотров: 174

 

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов УКМКда сурак берди.

 

Депутаттын айтымында, сурак Башкы прокуратура тарабынан депутатка козголгон кылмыш ишинин алкагында болгон. Кылмыш иши «Коррупция» беренесине негизделген. Бул иштин дагы бир фигуранты депутат Акылбек Жапаров.

 

 Кылмыш иши 2009-2015- жылдары «Машинасыноо станциясы» ААКсына  берилген 200 миллион өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданын мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнүнө байланышкан.

 

Акылбек Жапаров 2009-2010-жылдары Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри болуп турган. 2011-жылы Каржы министри болгон.

 

Игорь Чудинов 2007-2009-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болгон. 2009-жылдын ноябрынан баштап КР өнүгүү Фондунун башкы директору болгон.