Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Тышкы иштер министрлигинин чегарадагы кырдаал боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды.
«Кыргызстан коомчулугу кыргыз-казак жана орус-казак чегарасындагы кырдаалды байкаштырып турат. Октябрдын башынан берки кыргыз жарандарына жана транспорт каражаттарына таасирин тийгизген чегара, миграциялык, бажылык, фитосанитариялык, ветеринардык жана башка көзөмөлдөр күчөтүлдү. Мындай чаралардын көрүлүшү биримдик мамилелердин жана Кыргызстан менен Казакстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн, ошондой эле ЕАЭБдин түзүлүү максаттарынын деңгээлине туура келбейт», - деп айтылган КР ТИМ жообунда.
КР ТИМ белгилегендей, чегарадагы көзөмөлдүн күчөтүлүш себебин казак тарап ар жолу ар кандай түшүндүрүүдө.
«11-октябрда Казакстандын коопсуздук кызматы чегараны кесип өтүүнүн кыйындашын террористтик уюмдарга тиешеси бар жарандардын чегараны кесип өтүүсүнө каршы чегаралык операциянын планына байланыштырышты. 11-октябрга чейин казак тарап чегарадан жарандардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсүн кыйындаткан кырдаалга комментарий бербей келген.
14-октябрда Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев ММКларга кыргыз-казак чегарасындагы абал тууралуу маалымат берип жатып, аны Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. 15-октябрда, Кыргызстанда президенттик шайлоо күнү ушул эле министр чегарадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшүн ЕАЭБдин мыйзамына ылайык, «боз» импорту азайтууга байланыштырган», - деп билдирет КР ТИМ.