Депутат Алмаз Акматовдун иши каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевге түшкөн экен, бирок, анысы таптырбай атыптыр.
«Эки жумадан бери Алмаз Бакетаевди издеп атам. Жумуш орунуна чалсам, катчысы алат. Издеп атканыңызды жеткирип коем дейт. Бирок, жооп жок. Ал жерде бир эле катчысы иштеймби деп калдым. Жумуш ордунда такыр болбосо, мындай орун басардын кереги барбы?» - деди депутат.
Бул казак-кыргыз ырчылары талашып ырдап аткан «ал жакта да, бул жакта да жоксуң» деп издөө салган ырга окшошту.