Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

 

Парламент жыйынында депутат Мирлан Бакиров октябрдын башында Улуу Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздар тууралуу пикирин айтты.

 

«Боордошторубузду алып келдик. Бул элдин тарыхы кенен, 12-кылымга барып такалат. Рахманкул хандын урпактары. Аларды алып келүү маселесин бул жерден депутаттар да көтөргөнбүз», - деген ал көчүп келгендерге жетиштүү деңгээлде көңүл буру зарылдыгын белгиледи.

 

Депутат Акылбек Жапаров да «боорубузга тартсак жуурулушуп эл болуп кетишет, тартпасак калгандары көчүп келбейт» дейт.

 

«Алпештеп алсак Памирде калган кыргыздар да келишет, болбосо алар келбей коет. Тажикстандан келген боордошторубуз бир топ жыл кыйынчылыкка кабылышып, эми гана көнүп келатышат», - деп белгиледи депутат.