Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

 

Депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында шайлоолордо башкы маселе добуш сатып алуу болуп атканын айтты.

 

«Жакында президенттик шайлоо болду. Жакшы эле өттү, бирок кемчиликтерин да айталы. Акыркы убакта коомдо добуш сатуу норма болуп калды. Бул жаман көрүнүш.  Биз муну токтотууга атайын мыйзам иштеп чыгарганбыз, бирок, айрым фракциялар өткөрбөй коюшту. Добуш сатуу менен күрөшүү үчүн биринчи экономикалык акыбалды көтөрүш керек. Башка мамлекеттер акча таратып, алардын талапкерлери өтүп кетсе эмне болот?» - деди депутат.