Бүгүн Жогорку Кеӊештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды.
Эске салсак, Кылычбек Султанов буга дейре Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. Депутаттар анын Малайзияда элчи болуп турганда жасаган иштерин баалашып, талапкерлигин колдоого алышты.
Бул маселе комитетте жабык эшик артында каралды.
Маалымат:
Султанов Кылычбек Камчыевич:
1975-жылы 7-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган жана финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.
1996-2000-жылдары - Кыргыз Республикасындагы ММКларда эмгектенген;
2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;
2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;
2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;
2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;
2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри;
2014-2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси;
2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси;
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.