Печать
Категория: Коом
Просмотров: 185

 

Бишкектеги «Асанбай» кичирайонундагы жети кафени жалмаган өрт боюнча кылмыш иши ачылбады. ИИМдин маалымдашынча, Мамэкотехинспекциянын өрт көзөмөл бөлүмүнүн арызын четке кагышкан.

 

 Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.. Экспертиза жүргүзүүгө он күн кетет. Бирок, азырынча окуянын чыгышы боюнча божомол версия да жок.

 

 Эске салсак, аталган кичирайондогу жети кафе 22-октябрда өрт алдында калышкан. Биринчи «Ганбей» кафесинен башталган өрт коңшу кафелердин чатырларына жармашкан.