Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

 

Маалыматка караганда, Москва шаарында адамдар топтолуп турганда КамАЗ менен сүзгөнгө аракеттенген жаранды соттоп жатышат.

 

Бул тууралуу Киров облусунун прокуратурасынын маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазышты.

 

Анда белгиленгендей, 2017-жылдын  февралынан мартына чейинки убакытта айыпталуучу Интернет аркылуу Киров облусунун эки тургунун КамАЗ менен адамдар топтолуп турган жерди сүзүп кирүүгө көндүрүүгө аракеттенген. Анын планында КамАЗ менен жол кырсыгын шарттап, адамдарды сүзмөй болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, айыпталуучу Россиянын аймагында тыюу салынган эларалык террористтик уюмдун тарапташы экени аныкталган. Ал 2016-жылдын августунан сентябрына чейин соцтармактарга мусулман эместерге багытталган жек көрүүнүн лингивистикалык жана психолгиялык белгилери бар сүрөттөрдү жайгаштырып турган.  

 

Жаранды Россиянын Киров облусу боюнча ИИМ жана ФКК  кызматкерлери кармашкан. Учура кылмыш иши Москва аскер сотуна өткөрүлүп берилген.