Печать
Категория: Коом
Просмотров: 156

 

Канатбек Исаевдин ишин Биринчи май райондук соту кароодо. Токмок шаарынын экс-вице-мэри Салман Алиев күбө катарында суралганда сурактын протоколун окубай туруп кол койгонун айтты.

 

Прокурор Салман Алиевдин тергөө учурунда берген көрсөтмөсүн окуду, анда ал автостанция долбоорунда каражаттын көлөмү жогорулаганын жана ушул долбоор боюнча тендер эреже бузуу менен өткөрүлгөнүн билдирген.

 

«Менин минтип айтышым мүмкүн эмес. Бул менин айтканым эмес. Мен анда бул долбоордун катышуучусу эмес болчумун. Ошондуктан, минтип айта алмак эмесмин», - деди ал.

 

 Айтымында, аны бир нече жолу суракка алышкан. Протоколдорго кол коердо баарын окуган, бир гана акыркы протоколду окуган эмес.

 

«Акыркы жолу мага УКМКнын кызматкерлери келишип, көрсөтмө беришимди талап кылышкан. Айтылган убакта УКМКга барып, көрсөтмө бердим. Мен жогоруталылган сумма жана эреже бузуу менен өткөрүлгөн тендер деп айтпагам. УКМКнын кызматкерлерине ишенгендиктен, протоколду окубай кол койгом. Мен ошентип айткам, окубайм, анткени, силерге ишенем дегем», - деди Алиев.

 

Эске салсак, Токмок шаарынын экс-мэри Канатбек Исаевди мамлекеттик жерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген деп айыпташууда. Ошондой эле шаардык китепкананын имаратын жана жатакананы жеке адамга ылдыйлатылган баада саткан деп да айыпталган. Андан тышкары автостанцияны шаардык бюджетинин эсебинен курууну жеке менчик компанияга тапшырганы да айтылган.