Печать
Категория: Коом
Просмотров: 175

 

Казакстандык блогер Жанара Ахмет 21-октябрда Интерполдун линиясы аркылуу Украинада кармалды. Бул тууралуу адвокат Владислав Грищенко билдирди. Учурда ал Вышгород шаарындагы убактылуу кармоо жайында.


Адвокаттын айтымында, ал “Алдамчылык” беренесининин негизинде Интерполдун издөөсүнө алынган.

 

Киев облусунун Улуттук полициясынын өкүлү Николай Жукович журналисттин кармалганын тастыктады. Бүгүн, 23-октябрда сот Ахметтин казак күч органдарына өткөрүп берүүгө чейинки баш коргоо чарасын карайт. Жанара Ахмет Фейсбукка коомчулуктун колдоосунан үмүт артып жатканын жазды.

Казак бийлигин кескин сындаган макалалары менен белгилүү Жанара Ахмет он жаштагы уулу менен мартта Алматыдан Бишкекке чыгып кетип, андан соң Стамбул аркылуу Киевге учкан. Аны Казакстанда бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартышкан.

 

Казакстанда Жанара Ахмед пробациялык көзөмөлдө жүргөн.